> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/19/manas-baghysh-baghytynda-4-tilkieluu-avtozhol-kuruluuda/
- Published: 2026-03-19T06:47:45.000Z
- Updated: 2026-03-19T06:47:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда.

> Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, бардык иштер техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.

Белгилей кетсек, жаңы автожол 4 тилкелүү болуп курулат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-19-at-11.06.23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-19-at-11.06.24.jpeg)