> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/19/olkodo-eskirghien-aialdamalar-zhanyrtylat/
- Published: 2026-03-19T10:13:17.000Z
- Updated: 2026-03-19T10:13:16.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланарын транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.**

Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат.

> "Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы менен жаңылап, заманбап үлгүлөргө алмаштыруу иштери башталды. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын Өндүрүштүк-инновациялар борбору иштеп чыгууда", — деп белгиледи министр.

Солтобаев кошумчалагандай, жаңы аялдамалар сапаттуу курулуп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылат. Жакын арада алгачкы жаңыланган аялдамаларды пайдаланууга берүү пландалып жатат.