> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/19/zhash-gvardiia-liev-tolstoi-kiesilishindie-transporttuk-tuiun-kurulat/
- Published: 2026-03-19T04:12:01.000Z
- Updated: 2026-03-19T04:12:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюндагы ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен дагы билдиришти.**

Жалпысынан 64 объект жол курулушуна кирет. Алардын ичинен:

- 16 объектте мамлекеттик акт бар;
- 1 объектте 49 жылдык “жашыл китеп”;
- 2 объектте 5 жылдык “жашыл китеп” бар.

Калган объекттер боюнча документтер такталууда.

> 2026-жылдын 24-мартында мэрияда кайра жолугушуу өтүп, компенсация маселеси каралат.

Тиешелүү кызматтарга:

- альтернативдүү жол уюштуруу;
- тоскоол болгон объекттерди бузууну тездетүү тапшырылды.

Курулуш 2026-жылдын апрель айында башталат.

Долбоор жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, тыгындарды азайтууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-76.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-64.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/6-15.jpeg)