> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аалы Токомбаев көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/20/aaly-tokombaiev-kochosunun-bolughu-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-03-20T06:24:03.000Z
- Updated: 2026-03-20T06:24:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Белгилей кетсек, бул аралыкта жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт. 

> Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз.