> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/20/bir-niechie-avtozholdorgho-avtouraghan-kamieralary-ornotuldu/
- Published: 2026-03-20T10:02:39.000Z
- Updated: 2026-03-20T10:02:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстеринин бир нечеси пайдаланууга берилди.**

Бул комплекстер төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт:

- коопсуздук курун тагынбоо;
- каршы тилкеге чыгып кетүү;
- ылдамдыкты ашыруу;
- жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын сактабоо;
- "Коопсуз шаар" камералары аркылуу төлөнбөгөн айып пулдарды аныктоо.

"Автоураган" аппараттык-программалык комплекстери төмөнкү автожолдорго орнотулду:

- Бишкек — Кордай,
- Бишкек — Нарын — Торугарт,
- Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол.