> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/20/bishkiektie-kun-saiyn-bilietsiz-zhurghon-20gha-zhakyn-adamgha-protokol-tolturulup-zhatat/
- Published: 2026-03-20T04:55:39.000Z
- Updated: 2026-03-20T04:55:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Бишкек шаарында коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирет.**

Күн сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эрежени бузган жарандарга карата **10дон 20га чейин протокол** түзүлүүдө. Билетсиз жүргөндөр үчүн **1000 сом айып пул** каралган.

Транспорт департаменти жол киренин баасы **20 сом** экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аны өз убагында төлөөгө жана сөзсүз түрдө билет (талоон) алууга чакырат.

Ошондой эле айдоочуларга токтоочу жайларды негизсиз ээлебөө жана коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоо сунушталат.