> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/20/ysyk-kol-oblusunda-asfalt-toshoo-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-03-20T09:41:19.000Z
- Updated: 2026-03-20T09:41:18.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Ысык-Көл облусунда 2026-жылдагы алгачкы асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков жол курулушуна даярдык көрүү иштерин, материалдар менен камсыз кылууну, ошондой эле Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесин текшерип чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Россия менен жетишилген келишимдин негизинде быйыл курула турган жолдор үчүн битумдун биринчи партиясы келип түшүп, кампаларга түшүрүлүп жатат.

Тактап айтканда:

- Жель-Арык жана Кыямат-Кыркул базаларына **1 миң 160 тонна битум*,*
- Шамал-Сай базасына ***860 тонна битум*** түшүрүлдү.