> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда 259 чакырым жолго асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/21/naryn-oblusunda-259-chakyrym-zholgho-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-03-21T09:15:06.000Z
- Updated: 2026-03-21T09:15:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Нарын облусунда 259 чакырым жолдоруна асфальт төшөлгөнүн Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.**

Мамлекет башчысынын айтымында, соңку беш жылда 50дөн ашык социалдык обьектилер пайдаланууга берилип, жолдор оңдолууда. 

> ​“Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды. 

> Мунун ичинде Нарын шаарынын борбордук көчөсү толугу менен асфальтталды”,-деди президент. 

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда президенттин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленүүдө.