> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/22/bishkiektie-zhibiek-zholu-kopurosunun-tushtuk-bolughu-da-paidalanuugha-bieriliet/
- Published: 2026-03-22T07:58:19.000Z
- Updated: 2026-03-22T07:58:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрге түздү.

> Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен реконструкцияланып, унаа жүрүүчү тилкелердин саны көбөйтүлдү, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар каралды.