> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Барскоон-Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/23/barskoon-karakol-unaa-zholuna-8-zhier-otmok-kurulat/
- Published: 2026-03-23T08:27:34.000Z
- Updated: 2026-03-23T08:27:34.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк куруларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Подрядчы компания тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.**

> "Азыркы тапта жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон – Каракол унаа жолунун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.

> Долбоордо 5 көпүрөнү куруу, 8 даана жер алдынан өтүүчү өтмөк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү – 5 жыл.