> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/23/zhibiek-zholundaghy-kopuronun-tuurasy-34-3-mietrghie-kienieitilip-al-toluk-achyldy/
- Published: 2026-03-23T03:18:20.000Z
- Updated: 2026-03-23T03:18:20.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Кечээ Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин толук ачылганын мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. ***Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди.***

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган болчу.