> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/24/bishkiektie-kozhieviennaia-kochosu-kapitaldyk-ondoogho-zhabylat/
- Published: 2026-03-24T13:40:22.000Z
- Updated: 2026-03-24T13:40:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында "Дордой" базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана райондук ички иштер башкармалыгы катышты.

Жыйында көчөнүн учурдагы абалы, унаа кыймылынын өтүмдүүлүгү жана инфратүзүмдү жакшыртуу маселелери каралып, аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

> Маалыматка ылайык, иштер эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсүнүн Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-82.jpeg)