> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/25/aidoochuluk-kuboluktu-akysyz-almashtyruu-moonot-31-marttan-tarta-biekier-bolboit/
- Published: 2026-03-25T04:00:52.000Z
- Updated: 2026-03-25T04:01:25.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан “Кабар” агенттигине билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат.

> Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Белгиленгендей, акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылоого жетишти.