> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/25/barskoon-biediel-unaa-zholu-tonnieldierdi-kazuu-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-03-25T08:45:43.000Z
- Updated: 2026-03-25T08:45:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Учурда изилдөө иштери толук аяктап, долбоорлоо дээрлик бүткөрүлдү. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан техника жеткирилип, бетон заводу курулуп, жумушчулар мобилизацияланды.

> Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлүүдө. Долбоордо каралган эки тоннелде активдүү иштер жүрүп жатат. №1 тоннелде 49 адис жана 55 техника иштеп, 15 метр казылды. №2 тоннелде негизги тоннелде 13,2 метр, ал эми параллелдүү штректе 12 метр казуу иштери аткарылды.

Автожолдун жалпы узундугу болжол менен 150 км. Ал Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кытай менен чек арадагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 эстакадалык көпүрө) жана коргоочу инженердик курулмалар курулат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 5 жыл.