> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/25/naryn-daryiasyna-210-mietrlik-zamanbap-kopuro-kurulat/
- Published: 2026-03-25T13:25:46.000Z
- Updated: 2026-03-25T13:25:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.**

Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат.

Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна салынмакчы.

Аталган долбоор жолдогу убакытты кыскартып, Бишкек – Ош трассасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле Транскаспий эл аралык маршруту менен байланышты чыңдап, Борбор Азиядагы соода-экономикалык интеграцияга өбөлгө түзөт.

***Каржылоо булактары:***

- Япония өкмөтү (JICA): 3 млрд 190 млн япон йени өлчөмүндө грант бөлүп берет.
- Республикалык бюджеттен кошо каржылоо иретинде болжол менен 9,9 млн сом бөлүнөт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.