> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/26/suzakta-7-2-chakyrymdan-ashyk-avtozhol-asfalttalat/
- Published: 2026-03-26T04:53:17.000Z
- Updated: 2026-03-26T04:53:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Учурда жолду асфальттоого даярдык көрүү максатында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

> Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальт катмарынын жоктугунан жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт.

Долбоорго ылайык, автожол эки тилкелүү IV категорияга ылайык курулуп, жол жээктери кеңейтилет.

Курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрү пландалууда.