> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/27/bishkiektie-osmonkul-kochosunun-bir-bolughu-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-03-27T07:02:10.000Z
- Updated: 2026-03-27T07:02:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү 2026-жылдын 30-мартынан тарта жол кыймылы үчүн жабылат.**

Бул чечим жолду реконструкциялоо жана жылуулук тармагын жаңылоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы аталган тилкеде узундугу 260 метр болгон, диаметри 300 мм эки түтүктөн турган жылуулук магистралын алмаштырат.

> Аталган жылуулук тармагы 1984-жылдан бери пайдаланылып, учурда техникалык жактан эскиргендиктен оңдоону талап кылууда. Инженердик иштер аяктагандан кийин жолдун асфальт-бетон жабындысы толугу менен калыбына келтирилет.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.