> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/27/eki-aida-avtounaa-onduruu-kolomu-7-mln-dollargha-zhietti/
- Published: 2026-03-27T12:32:51.000Z
- Updated: 2026-03-27T12:32:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 621,3 млн сомду же 7 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат.**

> Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш анча чоң эмес болгон — 620,6 млн сомдон көбөйгөн.

> Февраль айында өлкөдө 347,6 млн сомго же 3,9 млн долларга автоунаа өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда жалпы автоунаа өндүрүшү учурдагы баалар менен 5 млрд 9,3 млн сомду же 57,3 млн долларды түзгөн.