> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/27/indiiada-bienzin-diziel-tartyshtyghynan-el-durbolongho-tushtu/
- Published: 2026-03-27T14:15:59.000Z
- Updated: 2026-03-27T14:15:58.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда.**

Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын кескин өсүшүнөн улам пайда болууда.

> Буга чейин эксперттер Ормуз кысыгы жабылып калса, биринчи кезекте мунайды негизинен Перс булуңунан импорттогон өлкөлөргө таасир этерин айтышкан. Алардын катарына Кытай, Индия, Япония жана Түштүк Корея кирет.

> Айрыкча Индия мунайды негизинен Ирак жана Сауд Арабиясынан импорттойт.