> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балта – Чалдовар жолун реконструкциялоо долбоору талкууланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/27/kara-balta-chaldovar-zholun-riekonstruktsiialoo-dolbooru-talkuulandy/
- Published: 2026-03-27T07:39:25.000Z
- Updated: 2026-03-27T07:39:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Бактылуу Момбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушууда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу маселелери каралды. Айрыкча Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо долбооруна көңүл бурулду.

Тараптар долбоордун учурдагы абалын, координация маселелерин жана аны натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

> Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын башчысы Реми Дюфло жана Франциянын элчиси Николя Файе да катышты. Алар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантып, долбоорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-27-at-11.07.04.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-27-at-11.07.09.jpeg)