> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы айланма жол бүткөрүлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/27/kochmondor-oiundaryna-karata-cholpon-atadaghy-ailanma-zhol-butkorulot/
- Published: 2026-03-27T05:39:21.000Z
- Updated: 2026-03-27T05:39:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

 Долбоор алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине байланыштуу ишке ашырылууда. 

> Жол 4 тилкеден туруп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржыланууда.

Учурда жер иштерин жүргүзүү, ашыкча топуракты чыгаруу, демонтаж жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон заводун орнотуу пландалууда.

> Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн" компаниясы менен келишим түзүлгөн.

Айланма жолдун курулушу шаардагы транспорттук жүктү азайтып, жол инфраструктурасын жакшыртууга жана эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөт.