> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/30/byiyl-olkodo-1100-chakyrymdan-ashyk-zhol-kurulup-ondolot/
- Published: 2026-03-30T08:22:01.000Z
- Updated: 2026-03-30T08:22:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда.

> Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жана Сафаровка — Барпы жолдорунда иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы курулуштар, Барскоон — Бедел жолу, Бишкектин түндүк айланма жолу жана Лебединовка — ГЭС-5, Бишкек — Кант, Арашан — Чуңкурчак, Бишкек — Күнтуу — Шопоков жолдорунда иштер улантылат.

> Инвестициялык долбоорлордун алкагында "Суусамыр — Талас — Тараз" (93 км), Корумду — Балбай Баатыр (79,3 км) жана Барскоон — Каракол (75 км) жолдорун реконструкциялоо иштери жүрөт.

Ошондой эле бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылат. Алардын катарында Профсоюз көчөсү, Жаңы Ош базарына баруучу жол, Чолпон-Атаны айланып өтүүчү жол, Бозучук — Жыргалан жана Жети-Өгүз — Койсары жолдору бар.

Жалпысынан өлкө боюнча жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы иштер улантылып, транспорт тармагын жакшыртууга багытталууда.