> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/30/talas-oblusunda-61-chakyrym-zhol-kuruu-ishi-bashtaldy/
- Published: 2026-03-30T09:23:47.000Z
- Updated: 2026-03-30T09:23:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча аткарылат.

> Белгилей кетсек, быйыл эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Ушуга байланыштуу жол куруу жана оңдоо иштеринин 70–80 пайызын 31-августка чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Жолдорду жаңылоо аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.