> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/30/ylai-talaa-gulcho-zholunun-55-chakyrymyna-asfalt-tosholot/
- Published: 2026-03-30T04:41:03.000Z
- Updated: 2026-03-30T04:41:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков өлкөнүн түштүк аймагына иш сапары менен барып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жыйында 2026-жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана негизги милдеттер талкууланды. Тариэль Жаныбеков бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну, ошондой эле туруктуу көзөмөлдү камсыздоону тапшырды.

> Сапардын алкагында ал Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун курулушу менен да таанышты. Учурда жолдун 55 чакырымына асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп, кеңейтүү жана шагыл төгүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилет. Азыркы учурда 2-, 4- жана 7-чакырым тилкелеринде жумуштар активдүү уланууда.

Жыйынтыгында жол тармагындагы иштерди натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-30-at-10.12.30-1.jpeg)