> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/31/aidoochuluk-kuboluktordu-akysyz-almashtyruudan-biudzhietkie-350-mln-som-tushpoi-kaldy/
- Published: 2026-03-31T09:29:29.000Z
- Updated: 2026-03-31T09:29:28.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акциянын натыйжасында мамлекет болжол менен 350 млн сом кирешеден кур калды. Ошол эле учурда жарандарга 378 миң жаңы күбөлүк бекер берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, акция 15-январда башталып, 31-мартка чейин уланган. 1-апрелден тарта күбөлүктөрдү алмаштыруу акылуу болот. 

Ошондой эле ал 2026-жылдын аягына чейин мөөнөтсүз күбөлүк ээлери үчүн алмаштыруу процедурасы 083-формасындагы медициналык маалымкатсыз жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ал эми мөөнөттүү күбөлүгү бар айдоочулар документтерин мурдагыдай эле тартипте алмаштыра беришет.

Президенттин иш башкармалыгынын орун басары бул акция айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөтүп, аны өлкө боюнча жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк кылганын белгиледи.