> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/31/bishkiektie-7-apriel-kochosunun-bir-bolughu-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-03-31T03:40:30.000Z
- Updated: 2026-03-31T03:40:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

> Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт.

Шаар тургундары жана айдоочулардан алдын ала каттамдарын пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.