> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөндү
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/31/bishkiektie-osago-polisi-boiuncha-44-zharangha-4-mln-somgho-zhakyn-kieniemtie-tolondu/
- Published: 2026-03-31T07:38:21.000Z
- Updated: 2026-03-31T07:38:20.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Бүгүн Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөп берди. Бул жолу сертификаттар ээлерине Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып короосунда тапшырылды.**

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын директору Алима Нурланованын айтымында, уюм 3 айдын ичинде ОСАГО полиси боюнча 100 млн сомдун тегерегиндеги каражаттарды төлөп берди.

> “Акыркы 3 жылда өлкөдө камсыздандыруу рыногу өнүгүүдө. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун 7 облуста 7 филиалы иш алып барууда. Алар ар жума сайын полис ээлерине каражаттарды төлөп беришүүдө. 

> Мисалы, күнөөлүү тараптар буга чейин ОСАГО полисин алып койгондуктан, бүгүнкү күндө сиздерге төлөмдөр жүргүзүлүп жатат. Анын маанилүү жана пайдалуу экендигине өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Андыктан, унааларды, турак жайларды камсыздандырыңыздар”,-деди директор.