> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда асфальт жаңыртылып, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/31/byiyl-too-ashuuda-10-chakyrym-zholgho-zhany-asfalt-tosholot/
- Published: 2026-03-31T06:11:39.000Z
- Updated: 2026-03-31T06:11:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Быйылкы жылдын курулуш мезгилинде Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, "Капиталдык салымдар" беренесинин алкагында автожолдун 130–146-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.

Ошондой эле министрликтин алдындагы №9 Жол тейлөө ишканасы Сосновка постунан Төө-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки 80–139-чакырымдар аралыгында жол коопсуздугун камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу пландалган болсо, учурда анын 180 даанасы орнотулду.

> Белгилей кетсек, бул парапеттер Бишкек–Ош автожолу реконструкцияланган учурдан бери, 20 жылдан ашык убакыттан бери жаңыртылган эмес.

Жүргүзүлүп жаткан иштер жолдун сапатын жакшыртууга жана айдоочулар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.