> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/31/kun-saiyn-1300-avtobus-kattamda-talashtuu-maalymat-toghungho-chygharyldy/
- Published: 2026-03-31T08:27:49.000Z
- Updated: 2026-03-31T08:27:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы расмий билдиришти.** 

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1250–1300 автобус чыгууда.

Белгиленгендей, автобус паркын пайдалануу деңгээли 85%ды түзөт.

> Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында сатып алынган 95 жаңы автобус боюнча документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, бул автобустар каттамга чыгарылат.

Жаңы автобустар ишке кирген соң, шаардык транспорттун мүмкүнчүлүгү дагы да жогорулай турганы белгиленди.