> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/01/aravanda-8-5-chakyrym-zhol-asfalttalat/
- Published: 2026-04-01T11:29:15.000Z
- Updated: 2026-04-01T11:29:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым аралыгына асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Учурда аталган тилкеде жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Бүгүнкү күндө 2 чакырым жол асфальт төшөөгө толук даярдалып, жакынкы күндөрү негизги иштерди баштоо пландалууда.

> Бул жол аркылуу район борборуна алты айылдын тургундары каттап келет. Жолдун оңдолушу жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, транспорт кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.