> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовка – ГЭС-5 жолу августта толук бүтөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/01/liebiedinovka-ges-5-zholu-avghustta-toluk-butot/
- Published: 2026-04-01T11:58:32.000Z
- Updated: 2026-04-01T11:58:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка–ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Узундугу 5,1 чакырымды түзгөн тилкеде учурда тротуарлар салынып, тосмолор жана латоктор орнотулуп, Чоң Чүй каналынан өткөн жол оңдолууда. Ошондой эле Жибек-Жолу көчөсүнөн каналга чейинки 400 метр аралыкта жолдун негизги катмары төшөлүүдө.

> Долбоордун алкагында жол 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилүүдө. Мындан тышкары, учурдагы көпүрө кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы көпүрө курулууда.

Белгиленгендей, жол толугу менен август айында пайдаланууга берилет.