> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/02/tokmokto-2-chakyrym-zholgho-asfalt-toshoo-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-04-02T11:49:38.000Z
- Updated: 2026-04-02T11:49:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Токмок шаарындагы Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолунун 5,7-6,6 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Аталган жол тилкеси титулдук тизмеге кирип, жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №954 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.

> Маалыматка ылайык, жолдун 2 чакырымы толугу менен асфальтталып, иштерди бир апта ичинде бүтүрүү пландалууда.

Бул долбоор аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-18.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-7.jpeg)