> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# М.Рыскулов көчөсүнөн Достук айылына чейин 391,6 млн сомго тосмо орнотулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/03/m-ryskulov-kochosunondostuk-aiylyna-chieiin-391-6-mln-somgho-tosmo-ornotulat/
- Published: 2026-04-03T08:55:49.000Z
- Updated: 2026-04-03T10:24:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Фучика көчөсүндө — М.Рыскулова көчөсүнөн Достук айылына чейинки аралыкка калкалама тосмо орнотуу үчүн тендер жарыялады.**

Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөндөй, бул жумуштар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында даярдык иштеринин алкагында аткарылат.

Сатып алуу ыкмасы — квалификациялык талаптар менен котировкаларды суроо.

> *Проекттин жалпы баасы 391 млн 620 миң сом деп бааланган.*

> *Катышуучулардын арыздары 2026-жылдын 9-апрелине саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Жумуштарды бүтүрүү мөөнөтү 30-августка чейин, эрте бүтүрүү мүмкүнчүлүгү менен белгиленген.*

ШКУ саммити быйыл августта Бишкекте өтөт, ал эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт.