> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/08/bishkiektie-den-siaopin-kustanai-kocholorunun-kiesilishi-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-04-08T09:18:19.000Z
- Updated: 2026-04-08T09:18:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси менен Кустанай көчөсүнүн кесилиши 8-апрелден 13-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Муниципалдык кызматтар шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алуу сунушталат.