> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/09/aidoochulargha-eskiertuu-ashuularda-kar-kochku-tushuu-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-04-09T12:28:14.000Z
- Updated: 2026-04-09T12:28:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат.** 

Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. 

Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу абал жаралышы мүмкүн.

> Кырсыктардын алдын алуу максатында министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар тартылып, керектүү даярдыктар көрүлдү. Ошондой эле жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмалары жетиштүү көлөмдө камдалган.

Министрлик айдоочуларга аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу зарылчылык болбосо алыскы сапарларга чыкпоону сунуштайт.