> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/09/bishkekte-avtobus-aidoochularynyn-ailygy-zhogorulatylat/
- Published: 2026-04-09T13:25:16.000Z
- Updated: 2026-04-09T13:25:15.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди.**

> Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт.

Маалыматка ылайык, бул жылы айдоочулардын тарифтик ставкасы жогорулатылган:

- 2023-жылга чейин — 51 сом;
- андан кийин — 102 сом;
- 2026-жылдын апрелинен тарта дагы жогорулатуу күтүлүүдө, бул айлыктын өсүшүнө алып келет.

Ошондой эле ишкана жол кире төлөө ыкмасы олуттуу өзгөргөнүн белгиледи:

> 2023-жылы накталай эмес төлөмдөр 10–20% гана түзсө, накталай — 90% болгон;

> учурда 80% жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөйт, ал эми 20% гана накталай төлөйт.

Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, быйыл тургундар жана айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, толугу менен накталай эмес төлөмгө өтүү пландалууда.