> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–Ош унаа жолунда жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/14/bishkek-osh-unaa-zholunda-zhany-tonneldin-kurulushuna-daiardyk-bashtaldy/
- Published: 2026-04-14T13:10:00.000Z
- Updated: 2026-04-14T13:09:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек – Ош унаа жолунун 400,1–400,8-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушун баштоого даярдык иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, ал эми 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулат.

Учурда объектте бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулуп жатат. Ошондой эле атайын техникалар жана керектүү жабдуулар жеткирилүүдө.

> Быйыл жыл соңуна чейин 250 метр тоннель казуу пландалууда. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, тоннелдин курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат.