> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө Спартак – Беш-Терек жолунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/14/chuido-spartak-besh-terek-zholunun-bir-bolugu-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-04-14T12:04:50.000Z
- Updated: 2026-04-14T12:04:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Москва районундагы Спартак – Беш-Терек унаа жолунун 2,15 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштери толугу менен аяктап, жол пайдаланууга берилди.** **Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жолго тиешелүү белгилер чийилип, коопсуз жүрүүгө шарттар түзүлгөн. Курулуш иштери Титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

> Белгилей кетсек, Спартак – Беш-Терек унаа жолунун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт.