> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: Ар бир айылга чейин асфальт жол салабыз
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/14/sadyr-zhaparov-ar-bir-aiylga-cheiin-asfalt-zhol-salabyz/
- Published: 2026-04-14T08:11:13.000Z
- Updated: 2026-04-14T08:11:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**2020-жылга чейин Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 200 чакырымга жакын гана асфальт төшөлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1500 чакырымга жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.**

Мамлекет башчысынын айтымында, быйыл да жол куруу иштери ушундай темпте улантылат.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө асфальт жана шагыл жолдор активдүү курулуп, айрым аймактарда жолдор жайлоолорго чейин жеткирилүүдө.

> “Эң негизгиси — алгач эл аралык жана стратегиялык трассаларды бүтүрүп алсак, андан кийин толугу менен айыл ичиндеги жолдорго өтөбүз”, — деди Жапаров.

Президент ошондой эле келечекте Кыргызстанда асфальтталган жолдор Германиядагыдай ар бир айылга чейин жетерин кошумчалады.