> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Гүлчөдө: 340 млн сомго жолдор кеңейтилип, тротуарлар курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/14/sadyr-zhaparov-gulchodo-340-mln-somgo-zholdor-keneitilip-trotuarlar-kuruluuda/
- Published: 2026-04-14T06:52:50.000Z
- Updated: 2026-04-14T06:52:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Президент Садыр Жапаров Алай районунун Гүлчө шаарына барып, социалдык объектилердин курулушу, анын ичинде жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, шаардагы ички жолдорду жана тротуарларды куруу иштерине өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 млн сом бөлүнгөн. Тиешелүү маалыматты транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Мамлекет башчысына тааныштырды.

> Долбоор Алымбек Датка көчөсүнүн 3,7 чакырым жана Курманжан Датка көчөсүнүн 0,8 чакырым бөлүктөрүн камтыйт. Жалпы оңдолуучу жолдун узундугу 4,5 чакырымды түзөт.

Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилип, 9 чакырым тротуар курулат. Ошондой эле ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-37.jpeg)