> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол эрежесин бузгандарга көзөмөл күчөтүлдү: жаңы камералар орнотулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/14/zhol-erezhesin-buzgandarga-kozomol-kuchotuldu-zhany-kameralar-ornotuluuda/
- Published: 2026-04-14T07:17:53.000Z
- Updated: 2026-04-14T07:17:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ички иштер министрлиги жолдогу укук бузууларды аныктаган аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүүнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында 2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарында жана Бишкек–Кордай, Бишкек–Нарын–Торугарт, Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол, ошондой эле Бишкек–Ош унаа жолунун Чүй облусунда бир катар жерлерге жаңы комплекстер орнотулду.

Бул аппараттык-программалык комплекстер жол эрежелерин бузган учурларды, анын ичинде коопсуздук курун тагынбоо, карама-каршы тилкеге чыгуу, ылдамдыкты ашыруу, жол белгилерин сактабоо жана төлөнбөгөн айып пулдарды автоматтык түрдө аныктайт.

> Ошондой эле комплекстер жогорку ылдамдыкта жүргөн унаалардын мамлекеттик номерлерин жана айдоочунун коопсуздук курун тагынган-тагынбаганын так аныктоого мүмкүндүк берет.

ИИМ белгилегендей, санариптик көзөмөлдүн негизги максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу. Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-38.jpeg)