> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовка – ГЭС-5 жолу реконструкциядан кийин ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/15/lebedinovka-ges-5-zholu-rekonstruktsiiadan-kiiin-achyldy/
- Published: 2026-04-15T10:27:25.000Z
- Updated: 2026-04-15T11:54:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Долбоордун алкагында узундугу 36,6 метр болгон көпүрө 5,5 метрге кеңейтилди. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.

> Мындан тышкары, жолдун 0–350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетон жабындысынын биринчи катмары төшөлдү. Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында суу өткөрүүчү лотоктор орнотулду.

Реконструкциянын натыйжасында жолдун категориясы өзгөртүлүп, эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-15-at-16.58.47.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-15-at-16.58.48-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-15-at-16.58.48.jpeg)