> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жыл башынан бери автоунаа рыногу 50%га өстү
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/16/kyrgyzstanda-zhyl-bashynan-beri-avtounaa-rynogu-50-ga-ostu/
- Published: 2026-04-16T11:12:24.000Z
- Updated: 2026-04-16T11:12:29.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын, ошондой эле автоунааларды оңдоо кызматтарынын жалпы жүгүртүүсү 465 млрд 267,6 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылга салыштырмалуу 12,1%га өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.**

> Эң жогорку өсүш автоунааларды жана унаа тектиктерин сатууда катталды — көлөмү 15 млрд 965,9 млн сомго жетип, 2025-жылга салыштырмалуу 50,3%га көбөйдү. Автоунааларды техникалык тейлөө кызматтары да 29,2%га өсүп, үч айда 1 млрд 646,3 млн сомду түздү.

> Бул тармактагы жүгүртүү 143 млрд 136,5 млн сом болуп, 16,1%га жогорулады. Мотордук күйүүчү май сатуу 12,6%га өстү.

Автоунаа сатуу секторундагы кескин өсүш (50,3%) ички автопарктын жаңыланышы, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан, ошондой эле ЕАЭБ алкагында эрежелер катаалдашканына карабастан реэкспорт процесстеринин уланып жатышы менен байланыштуу болушу мүмкүн.