> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №13, №35, №45 автобус каттамдары өзгөрдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/17/bishkekte-13-35-45-avtobus-kattamdary-ozgordu/
- Published: 2026-04-17T03:45:00.000Z
- Updated: 2026-04-17T03:49:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Коом

**Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, автобустардын багыты Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөрдү.**

Белгиленгендей, бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Мэрия шаар тургундарын алдын ала каттамды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

---

*Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*