> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/18/bishkekte-lev-tolstoi-kochosu-eki-etap-menen-ondolot/
- Published: 2026-04-18T09:21:21.000Z
- Updated: 2026-04-18T09:21:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 18-апрелден тарта Лев Толстой көчөсүндө реабилитация иштери башталат.** 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Экинчи этапта Кривоносов көчөсүнөн Т. Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке убактылуу жабылат.

> Жол иштерине байланыштуу коомдук транспорттун айрым каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт. Тактап айтканда, №23, №62, №80, №227 жана №8(Т) каттамдары өзгөртүлгөн тартипте жүрөт.

Шаар бийлиги тургундарды жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап алууга чакырат.