> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Боом капчыгайы 20-апрелден 30-апрелге чейин күн сайын 7 сааттан жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/20/boom-kapchygaiy-20-aprelden-30-aprelge-cheiin-kun-saiyn-7-saattan-zhabylat/
- Published: 2026-04-20T08:58:46.000Z
- Updated: 2026-04-20T11:04:35.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Боом капчыгайында жол убактылуу жабыларын “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда, Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылат.

Аталган иштер бүгүн, 20-апрелден баштап 30-апрелге чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлөт.

> "Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.