> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Авиакеросиндин баасынан улам Америкага авиакаттамдар азаят
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/aviakerosindin-baasynan-ulam-amerikaga-aviakattamdar-azaiat/
- Published: 2026-04-21T04:58:04.000Z
- Updated: 2026-04-21T04:58:03.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Air Canada авиакомпаниясы авиакеросиндин баасынын өсүшүнө байланыштуу бир нече айга АКШга каттамдарды токтото турганын FOX Business басылмасына шилтеме келтирип, Kazinform жазды.**

Маалыматка ылайык, каттамдарды азайтуу ушул жайга пландаштырылып, кеминде беш айга созулат. Алар Нью-Йорктогу Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко (JFK) жана Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити эл аралык аэропортуна (SLC) бардык каттамдарга таасир тийгизет.

> Air Canada бул өзгөртүүлөр 2026-жылы жылдык жалпы ташуулардын болжол менен 1%ына гана таасир этерин белгилейт.

> Airlines for America маалыматы боюнча, күйүүчү майдын баасы 3,79 долларга чейин көтөрүлдү, бул 27-февралдагы баадан 50%дан ашык жогору.

АКШнын бир нече авиакомпаниялары да майдын баасынын өсүшүн компенсациялоо үчүн жаңы чыгымдарды кыскартуу чараларын көрүштү. JetBlue, Southwest, American жана United Airlines каттам жүктүн баасын жогорулатышты.