> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Барскоон – Бедел унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/barskoon-bedel-unaa-zholunda-50don-ashyk-kopuro-2-tonnel-kurulat/
- Published: 2026-04-21T07:15:34.000Z
- Updated: 2026-04-21T07:15:34.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктаганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган. 

- №1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр;
- №2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр:

Ал эми көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

**Ушу тапта объектте 557ге жакын кызматкер бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулуш иштерин аткарып жатышат.** 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/673727110_1272.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/677781737_1272.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/678381906_1272.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Белгилей кетсек, Барскоон — Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пункту менен байланыштырат.