> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы БШКга 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/bishkek-meriiasy-bshkga-120-elektrobustu-kuroogo-koiuuga-makulduk-beruunu-sunushtady/
- Published: 2026-04-21T11:58:01.000Z
- Updated: 2026-04-21T11:58:00.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна "Бишкек шаарынын мэриясына 120 электробусту күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоорун киргизди.**

Бул демилгенин максаты — Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №9-р буйругун жана 2023-жылдын 13-февралында Финансы министрлиги менен Бишкек мэриясынын ортосунда түзүлгөн №19-04-01/8 субкредиттик келишимин аткаруу.

> 2021-жылдын 28-декабрында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы(АӨБ) ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык, "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында 25 млн доллар көлөмүндө насыя берүү каралган.

> 2023-жылдын 13-февралындагы субкредиттик келишимдин 2.1-пунктуна ылайык, бул кредит Бишкек мэриясына 120 электробус сатып алуу жана аларды күрөө катары камсыздоо шартында берилген.

АӨБ сатып алуулар боюнча эрежелерине ылайык өткөрүлгөн ачык эл аралык тендердин негизинде 2022-жылдын 2-ноябрында Anhui Ankai Automobile Co. Ltd компаниясы менен № UTEP/OCB/G-1 келишим түзүлгөн. 

Ал электр автобустарын жеткирүү, ошондой эле кубаттоо инфраструктурасын орнотууну камтыйт. 2025-жылдын 22-августундагы кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде аталган компания Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине караштуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына 120 электробусту өткөрүп берген.

> Азыркы учурда бардык электробустар техникалык жактан жарактуу абалда болуп, "Бишкек шаардык транспорт" тарабынан муниципалдык коомдук транспорт катары №2, 4, 5Т, 10, 11, 33, 62 жана 66 каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууда колдонулууда.

"Мамлекеттик финансы холдинги" ААК 2026-жылдын 26-январында Бишкек мэриясына бул электробустарды күрөөгө коюу зарылдыгы тууралуу кайрылган.

Күрөө менен камсыздоонун максаты Кыргызстандын аталган кредит боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруусуна кепилдик берүү болуп саналат.