> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көчмөндөр оюнуна чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмасы коюлду
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/kochmondor-oiununa-cheiin-zholdordu-buturuu-tapshyrmasy-koiuldu/
- Published: 2026-04-21T10:40:25.000Z
- Updated: 2026-04-21T10:40:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн, 21-апрелде министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

Маалыматка таянсак, жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты.

> *Министр Т. Солтобаев авариялык участоктор боюнча иш-аракеттер, долбоорлор толук кандуу жүрбөй, приоритеттер аныктала электиги үчүн жол чарба департаментинин ишин сынга алды. Ошондой эле республика боюнча унаа жолдордун бирдиктүү реестрин тез арада бүтүрүүнү тапшырды.* 

> *Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланууда. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын министрликтин алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялар борбору” иштеп чыгып, өлкө аймактарына орнотууну баштаганы турат. Аталган иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу милдеттендирилди.*

Жыйындын соңунда министр тийиштүү жетекчилерге Нарын-Баетов унаа жолунун курулушун тездетүүнү, ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата, ошондой эле жайкы сезондун башталышына чейин унаа жолдорун ачуу, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн иштерди алып барууну тапшырды.